Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:21

Жапондор эки жыл мурдакы апааттын курмандыктарын эскерди


Бүгүн Жапонияда 2011-жылы 11-мартта болгон зилзаланын курмандыктары эскерилди. 9 баллдык жер тербетүү менен коштолгон цунамиде 19 миңден ашуун адам апаат болгон. Токиодо болгон эскерүү зыяпатына император Акихито жана зайыбы Мичико катышты.

Эки жыл мурдагы кырсыкта Фукушима Дай-ичи атомдук электр станциясы катуу зыян алып, үч реактору ашыкча кызып, радиация бөлгөн. АЭС жайгашкан Фукушима районунан 100 миңден ашуун адам көчүрүлгөн. Өндүрүштүк кырсык менен коштолгон табигый апаатта үй-жайсыз калган 300 миңдей адам дале убактылуу жайларда жашашууда. Цунами жууп кеткен аймакты калыбына келтирүү иштери али баштала элек.

XS
SM
MD
LG