Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашкандай, жүргүзүлгөн рейддин натыйжасында Бишкекте алкогол ичимдиктерин өндүргөн көмүскө цех табылды. Ал жерден ар кайсы аталыштагы 771 бөтөлкө алкогол ичимдиги, 500дөн ашуун бөтөлкөнүн капкагы, акциздик маркалар, “Кыргыз коньягынын” жасалма этикеткалары жана 22 литр этил спирти алынды. Тартылып алынган ичимдик, азыктардын үлгүсү тиешелүү сапаттарын текшерүү үчүн экспертизага берилди. (КЕ)