Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:33

Шанхай дарыясынан 2 миңден ашуун чочконун өлүгү чыкты


Кытай бийликтеринин маалымдашынча, Шанхай дарыясынан 2 миңден ашуун өлгөн чочко табылды. Шаар калкы таза сууну ушу дарыядан алышат. Шанхай бийликтери окуяны иликтөөдө. Кытайдын маалымат булактары жергиликтүү экологдорго шилтеп, чочколор дарыяга ташталган болушу мүмкүн, дарыядан башка да чочколордун өлүгү чыгышы ыктымал деп билдиришти. Санитардык кызматтар дарыядагы суунун сапатын кылдат текшеришүүдө. Блоггерлер жергиликтүү бийликтерди бул окуяга байланыштуу чечкиндүү чара көрбөдү деп сындашууда.

XS
SM
MD
LG