Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:18

Иран-Пакистан газ боросу курула баштады


Иран жана Пакистанды туташтырган газ куурун куруу ырасмий түрдө башталды. Бүгүн Ирандын порттуу шаары Чабахарда куурдун Пакистанга таандык бөлүгүн куруунун ачылыш салтанатына президенттер Махмуд Ахмединежад жана Асиф Али Зардари катышты. Иран жактын айтышынча, куурдун аларга тийиштүү бөлүгү бүткөнү калган. Куурдун Пакистанга таандык 780 чакырымы эки жылда курулуп бүтүүгө тийиш. Исламабад газ кууру бүтсө, көгүлтүр отунга болгон талап канааттандырылат деген үмүттө. АКШ газ куурунун долбоору БУУнун Иранга каршы санкциясын бузат деп, ага каршы чыгып жаткан. АКШнын Исламабаддагы элчилигинин өкүлү Риан Харрис айым бүгүн “Азаттыкка” телефондон берген интервьюда: “АКШнын Иранга байланыштуу саясаты жакшы маалым жана өзгөргөн жок. Биз Улуттар уюму же АКШнын мыйзамы боюнча колдонулчу санкциядан качуу Пакистандын кызыкчылыгында экенин башында эле, долбоор эми талкууланганда ачык айтканбыз,” - деди.

Иран долбоорду бүткөрүү үчүн Пакистанга 500 млн. доллар насыя сунуш кылган. Долбоордун жалпы баасы 1, 5 млрд. доллар деп маалымдалган.

XS
SM
MD
LG