Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:16

Ооганстанда америкалык эки аскер окко учту


Ооганстанда чыккынчылык кол салуудан эки америкалык аскер жана бир нече ооган аскери өлдү. Алар “Ооганстандын улуттук коопсуздук күчтөрүнүн формасын кийген адам аткан октон набыт болгонун” АКШнын аскер жетекчилиги билдирди. Бул маалыматты Коопсуздукка көмөктөшчү эл аралык күчтөрдүн (ISAF) өкүлү да ырастады. Ооган бийликтеринин маалымдашынча, окуя Кабылдын түштүк ныптасындагы Вардак провинциясында болгон жана тергөө жүрүүдө. Кол салуу президент Хамид Карзай провинциядан чыгып кеткиле деп, АКШлык атайын күчтөргө койгон ультиматум бүткөн күнү болду. Мындай шарт америкалыктардын жетеги астындагы Ооган күчтөрү айыл-кыштактардагы операция кезде жарандардын укуктарын көзгө илбейт деп сындалгандан улам жасалган.

XS
SM
MD
LG