Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Жаштар уюмдары митингдерге каршы акция уюштурат



Бүгүн Бишкектеги Ала-Тоо аянтында бир катар жаштар уюмдары өлкөдөгү митингдерге каршы акция өткөрөт. Бул тууралуу акциянын уюштуруучуларын бири Дастан Насыров дүйшөмбүдө өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, өлкөдө жөнсүз себептерден улам митинг уюштуруу өнөкөткө айланып, шаардыктарга тоскоолдук жаратууда. Мындан улам жаштар уюмдары акцияда ар кыл саясий күчтөрдү көйгөйлөрдү тынч жол менен чечүүгө үндөшөт.

Буга чейин “Кыргызстанды сактоо” саясий кыймылы 13-мартта Кумтөр боюнча митингде камака алынган депутаттарды бошотуу, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген кендерди казууну токтотуу, Кумтөр боюнча мыйзамсыз келишим түзгөн аткаминерлерди жоопко тартуу талаптары менен Бишкекте ири нааразылык акциясы өтөөрүн шардана кылган болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG