Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Атамбаев: Төңкөрүш жасоо аракети болушу мүмкүн


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев дүйшөмбүдө Коомдук биринчи каналдагы (КТРК) маегинде билдирди. Анын айтымында, быйыл мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындары бийликке кайтып келиши үчүн акыркы аракеттерди көрүшү мүмкүн жана төңкөрүш жасоо аракеттери да болушу ыктымал:

- Андай аракеттер болот. Себеби быйыл Жаныш, Максим Бакиевдер, алардын аркасында тургандар үмүт кылган акыркы жыл. Алар эптеп кайрадан бийликке келсек деген ойлору бар. Чындыгында, Кыргызстандагы чатак маселенин аркасында ошолордун кулагы турат. Анткени Кыргызстанда мындай окуялардын артын карасаң, түпкү себеп деле жок. Бул жөн гана шылтоо.

Ошондой эле Атамбаев кендерди, ГЭСтердин иштетүүгө каршы пикирлерди өз кызыкчылыгын ойлогондор жаратып, муну менен алар карапайым элди алдап жатат деген пикирин билдирди.

XS
SM
MD
LG