Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:40

Жети партия оппозиция менен бийликти диалогго чакырды


Партия төрагалары бүгүн тараткан билдирүүдө учурда бийлик менен оппозициянын тиреши күчөп, мунун арты чоң кесепеттерге алып барышы мүмкүн экендиги айтылат. Кайрылууга «Замандаш – Современник», «Столица», «Улуу Кыргыз», «Улуу Кыргызстан», «Эркин Эл», БЭК, «Адилеттүү Кыргызстан» саясий партияларынын жетекчилери кол койгон. “Жеке амбицияларыбызды артка калтырып, диалог жолу менен мамлекетибизди саясий, экономикалык оор кырдаалдан чыгарып кетүү жолун издейли, ийри отуруп түз кеңешели”, - деп белгиленген кайрылуу катында. Кайрылуу президентке жана бир катар бийлик өкүлдөрүнө, оппозиция лидерлерине жолдонду. (JAk)

XS
SM
MD
LG