Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:27

Депутат арак менен тамекини жарнамалоого тыюу салууну сунуштады


Бүгүн Жогорку Кеңештеги билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешов массалык маалымат каражаттары учурда алкоголдук ичимдиктерди жана тамекини кечки саат 22:00дөн кийин жарнамалап жатканын айтып, бирок бул убакытта көпчүлүк өспүрүмдөр сыналгы көрөөрүн, ошол себептүү жарнаманын убактысын түнкү саат 24:00дөн кийин берилсин деп мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Ал эми депутат Роза Акназарова Кыргызстандын медиасында алкоголду жана тамекини жарнамалоого таптакыр тыюуу салуу сунушун киргизди. Бул сунуш аталган комитеттен колдоо тапты. Эми мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча маселе парламенттин жалпы отурумунда каралат. (JAk)

XS
SM
MD
LG