Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Жалал-Абаддагы митинг убактылуу токтоду


Аймактагы кабарчыбыз Ырысбай Абдраимовдун маалымдашынча, камактагы депутат Камчыбек Ташиевдин соттун чечими чыкканча нааразылык акцияларын токтото туруу боюнча кайрылуусун анын тарапкерлери да колдоп, бүгүндөн тарта митингдерди убактылуу токтотушту. Бүгүн түшкө чейин созулган акцияга 150дөй киши чогулган. Бирок депутаттарды коргоо комитети өз ишин улантып, аянтта тигилген боз үйлөр алынбай турган болду.

Буга чейин Камчыбек Ташиев өзүнүн бардык тарапкерлерине кат менен кайрылып, соттун чечими чыкканга чейин митингдерди токтото турууну суранган болчу.

“Ата Журттун” үч депутаты: Ташиев, Жапаров жана Мамытов өткөн жылдын 3-октябрында бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен камакка алынган. Алар учурда тергөө абагында кармалууда. Бейшемби күнү сот айыпталуучулардын адвокаттарынын аларды үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчүн канааттандырган эмес. (YA/JAk)

XS
SM
MD
LG