Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:23

Эртеңки митингди “Элдик кошуун” да көзөмөлдөйт


Бүгүн Бишкек шаардык милициясынын башчысы Мелис Турганбаев, мэр Иса Өмүркулов жана “Элдик кошуун” кыймылынын лидерлери биргеликте эртең Бишкекте өтчү митинг учурундагы коопсуздук маселесин талкуулашты. Эртеңки митингде коопсуздукту сактоо үчүн элдик кошуундун үч миңдей өкүлү тартылаарын аталган кыймылдын лидерлери билдиришти. Мелис Турганбаев митинг өткөрүүгө бардык жарандардын укугу бар экенин белгилеп, бирок митингде чагым уюштургандар да болушу мүмкүндүгүн айтып, аларга дароо чара көрүлөөрүн эскертти.

Буга чейин “Кыргызстанды сактоо” саясий кыймылы 13-мартта Кумтөр боюнча митингде камакка алынган депутаттарды бошотуу, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген кендерди казууну токтотуу, Кумтөр боюнча мыйзамсыз келишим түзгөн аткаминерлерди жоопко тартуу талаптары менен Бишкекте ири нааразылык акциясы өтөөрүн жарыялаган эле.

Эртеңки митингди миңдей милиция кызматкери көзөмөлгө алат. (JAk)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG