Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:02

Бишкекте митингдерге каршы митинг өттү


Бүгүн боорбор калаадагы Ала-Тоо аянтына чогулган миңге чукул студенттер «Жаштар достук жана тынчтык үчүн» ураанын көтөрүп, жалпы саясий күчтөрдү ынтымакка чакырышты. Митингде чыгып сүйлөгөн жаш лидерлердин көпчүлүгү өлкөдө тынчтык, бейпилдик, стабилдүүлүк болушу үчүн саясий лидерлер бир пикирге келиши зарылдыгын белгилешти. Алар бийликке кайрылып, алдыда өтчү митингдерде башаламандыкка, тартипсиздикке жол бербешибиз керек деп тарашты.

Буга чейин “Кыргызстанды сактоо” саясий кыймылы 13-мартта Кумтөр боюнча митингде камака алынган депутаттарды бошотуу, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген кендерди казууну токтотуу, Кумтөр боюнча мыйзамсыз келишим түзгөн аткаминерлерди жоопко тартуу талаптары менен Бишкекте ири нааразылык акциясы өтөөрүн жарыялаган эле. (JAk)

XS
SM
MD
LG