Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Орусиядагы кыргызстандыктар былтыр 1, 572 млрд доллар которушкан


Орусиянын борбордук банкы тараткан маалыматка ылайык, 2012-жылы КМШ мамлекеттерине Орусиядан жалпы эсеби 19,205 млрд. АКШ доллары которулган. Маалыматта бир ирет которгон акчанын көлөмү орточо эсеп менен 380 долларды түзгөнү айтылган. 2011-жылы болсо КМШга которулган акчанын көлөмү 16,002 долларды түзгөн болчу.

2012-жылы эң көп каражат Өзбекстанга которулган, анын жалпы суммасы 5,693 млрд. долларды тузөт. Андан кийинки орунда 3, 651 доллар менен Тажикстан турат. Үчүнчү орунда 3, 162 млрд доллар менен Украина, ал эми Орусиядагы кыргызстандыктар өткөн жылы 1, 572 млрд доллар которушкан. Банктын эсеби боюнча, Кыргызстандан кийин Армения, Азербейжан, Молдавия сыяктуу өлкөлөр турат. Соңку жылдары Орусиядан үйүнө акча жибергендердин саны көбөйдү, бирок жиберген сумманын көлөмү азайды деп белгиленген борбордук банктын билдирүүсүндө. (JAk)

XS
SM
MD
LG