Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

БУУ: Пхенян 1953-жылкы келишимден бир жактуу түрдө чыга албайт


Түндүк Корея 1953-жылкы Корея согушу убактылуу токтогону жөнүндөгү келишимден бир тараптуу чыгып кете албайт. Бул жөнүндө Бириккен улуттар уюму билдирди. Түштүк Кореянын Коргоо министрлигинин өкүлү Хо Тай-ен да бүгүн Сеулдагы маалымат жыйынында: “Урушту убактылуу токтотуу келишиминин шарты же эл аралык мыйзамдын негиздери согушту убактылуу токтотуу келишимин бир тараптуу жокко чыгарууга же токтотууга жол бербейт”, - деп билдирди.

Түндүк Корея бул жөнүндө расмий жарыялай элек. Лекин, өкмөттүк “Родонг Синмун” (Rodong Sinmun) гезити 11-мартта Пхенян келишимди жокко чыгарганын маалымдады. Пхенян эгер АКШ жана Түштүк Корея мурда пландалган аскерий маневрду дүйшөмбү күнү баштаса эле, келишимден чыгарын эскертип жүргөн.

Пхенян машыгуу башталар замат Түндүк жана Түштүк Корея байланыш үчүн колдогон Кызыл Кресттин түз телефон линиясын үздү. 12-февралда Пхенян үчүнчү ядролук сыноону өткөргөндөн кийин Корея жарым аралындагы кырдаал курчууда. Ага жооп кылып, Улуттар уюму өткөн аптада Түндүк Кореяга жаңы санкция киргизди. Түштүк Корея болсо куралдуу күчтөрүн күжүрмөн даярдык абалына өткөрдү.

XS
SM
MD
LG