Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

Фольклендиктер Британиянын амиринде калганды жактады


Фолькленд аралдарынын көпчүлүк эли өздөрү жашаган аралдар Британиянын чет жердеги территориясы макамын сакташы үчүн добуш берди. Алдын ала маалымат боюнча, фольклендиктердин 98,8 проценти “ооба” деп, үч гана адам каршы добуш берген. Аргентина тааныбаган эки күндүк референдумга аралдарда жашаган 1672 адамдын 92 проценти катышты. Аргентина 180 жылдай мурда Британия тартып алган аралды өзүнүн ажырагыс бөлүгү деп эсептейт. Түштүк Американын ныптасындагы аралдар үчүн 1982-жылы эки мамлекет ортосунда бир нече күндүк кандуу согуш болгон.

XS
SM
MD
LG