Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:31

Кыргыз-тажик чек арачылары жолугушту


12-мартта Тажикстандын Исфара шаарында Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов менен Тажикстандын чек ара боюнча башкы командачысынын орун басары Шерали Мирзо жолугушту. Кыргызстандын чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов Исфара шаарынан “Азаттыкка” маалымдашынча тараптар өз ара кызматташтык жана түрдүү чыр-чатактарга жол бербөө, келишпестиктерди алдын алуу боюнча сүйлөшүп, протоколго кол коюшту.

Кыргыз-тажик чек аралаш жашаган айылдарда буга чейин суу, жер талаштын айынан бир нече ирет майда чыр-чатактар катталган.

Расмий маалымат боюнча, кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталган. Эки өлкөнүн ортосунан өткөн чек ара тилкенин жалпы узундугу 970 чакырым. Бүгүнкү күндө анын 567си такталган. (JAk)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG