Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:49

RSF интернеттин душмандарын атады


Чек арасыз журналисттер уюмунун (RSF - Reporters Without Borders) маалымдашынча, интернетти цензуралоо жана аңдуу жагынан Кытай, Иран, Сирия, Бахрейн жана Вьетнам дүйнөдө алдыңкы орунда турат. Баш кеңсеси Францияда жайгашкан уюм бүгүн жарыялган “Интернеттин душмандары” деген докладда аталган өлкөлөрдө диссиденттик көз караштагы адамдардын интернетти пайдалануусу катуу көзөмөл астында экени, Кытайда өкмөттүн көзөмөлүндөгү дүйнөдө жок дигиталдык империя түзүлгөнү, ал бардык маалыматтарды электен өткөрүп турганы; Иран ядролук ишканаларды чет жактан болчу киберчабуулдардан коргоо үчүн зарыл деген шылтоо менен автономдуу интернет мейкиндикти түзүп жатканы айтылат. Докладда Орусиянын “азчылыкты коргойбуз” деп, “зыяндуу” сайттардын “кара тизмесин” түзгөнү сындалат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG