Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:43

ЕБ Иранга каршы санкциясын кеңейтти


Европа Биримдиги Ирандагы адам укугун бузууларга байланыштуу өлкөдөгү тогуз аткаминерге санкция жарыялады. Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери дүйшөмбү күнү кабыл алган чечимге ылайык, алар Биримдикке кирген 27 мамлекетке бара албайт; алардын, ошондой эле Ирандын киберсаясат боюнча мекемесинин бул өлкөлөрдөгү мүлкү “тоңдурулат”. Жаңы тизмеде Тегерандагы атактуу Евин түрмөсүнүн зардалы, бир нече сот менен прокурор, өкмөттүк Press TV каналынын эки жетекчиси бар. Муну менен Евробиримдик санкция жарыялаган ирандыктардын саны 87ге чыкты. Санкция 2014-жылдын 13-апрелине чейин күчүндө болот.

XS
SM
MD
LG