Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:36

Өкмөт “Центерра” менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү кеңеш түздү


Кыргыз өкмөтү Кумтөр кенин иштеткен «Центерра Голд Инк.» менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн консультативдик кеңеш түздү. Мындай токтом өкмөттүн кечээки кезексиз жыйынында кабыл алынганын аткаруучу бийликтин басма сөз кызматы билдирди. Токтомго ылайык, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев төрагалык кылган бул кеңеш “Кумтөр” долбоорун мындан ары ишке ашыруу боюнча биргелешкен варианттарды даярдоого тийиш. Мындан тышкары Жогорку Кеңеш февраль айында кабыл алган токтомду аткаруунун үстүндө иш алып бармакчы.

21-февралда кыргыз парламенти Кумтөр кениндеги абалды иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусун талкуулап, “Центерра” менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн өкмөткө 3 ай берген. Мамлекеттик комиссия болсо 2009-жылы “Центерра” менен өкмөттүн ортосунда түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келет деп сыпаттап, аны бузууну сунуштаган. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG