Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Өзгөн районунда жер көчтү


Ош облусунун Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл аймагында жер көчүп, Куршаб-Жалпак-Таш унаа жолун жаап калды. Кырсык түнкү саат 11лер чамасында болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Жергиликтүү тургундар жер көчкөндө жолдун орто ченинде калган машинаны чыгарып алышты. Адам өмүрүнө зыян келген жок. Азыр Шор-Суу суусунун нугун акырындап жабууда. Аймакка атайын тазалоочу техникалар жөнөтүлдү. (KKs)

XS
SM
MD
LG