Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:19

Жумабаев: Муниципалдык көрүстөндөргө муктаждык бар


Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия түрдүү диний конфессиялар ортосунда көрүстөн талашкан учурларды алдын алуу үчүн мамлекетке тиешелүү муниципиалдык көрүстөндөрдү ачууну сунуштоодо. Бул тууралуу комиссиянын директору Абдилатиф Жумабаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, азыр кайсы өрөөндө кандай диний конфессиялардын өкүлдөрү жыш жайгашканы иликтенип жатат.

“Муниципалдык көрүстөнгө Кыргызстандын атуулу динине карабай көмүлгөнгө мүмкүнчүлүгү болушу керек”,-деди Жумабаев.

Буга чейин Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарында динин өзгөрткөн кыргыздар көзү өткөндө көрүстөндөн жай табуудан талаш чыккан учурлар катталган. Жакында протестанттык багытты карманган бир катар уюмдар көрүстөн маселесин чечип берүү талабы менен Дин иштери боюнча комиссияга кайрылышкан. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG