Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:20

Биздин замандаштар

Бул сүрөттөгү каармандарымдын аттары оголе көп. Мисалы, кайсы гана өлкөдө болбосун чиновниктер үчүн булар - «эмгек мигранттары», «гастарбайтер», «челнок». Ал эми иштеп, жашап жаткан жеринде болсо жергиликтүү калктын ыңгайына карап, өзгөрүп турат. Маселен, орусча Гүлмира – Гуля, Асанбек – Александр, Сапарбай – Саша, Болот – Боря. Европалыктарча Рыспек – Рой, Жеңишгүл – Жулия жана дагы ушул сыяктуу болуп кете берет. «Азан чакырып коюлган атыбызды банка акча салганы барганда гана эстеп, кээде өзүбүз да таң калабыз», - дешет алар.

XS
SM
MD
LG