Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

Кашмирдин Индияга таандык бөлүгүнүн борборуна согушкерлер кол салды


Кашмирдеги чек ара тилкеси.
Кашмирдеги чек ара тилкеси.
Полициянын маалыматына караганда, согушкерлердин тобу аскерий лагерге жасаган чабуул учурундагы атыштан беш жоокер, эки согушкер набыт болду. Дагы ондон ашуун киши, анын ичинде карапайым тургундар да жаракат алды.

Сиринагар шаарында шаршембиде жасалган кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек, бирок шек саноолор мусулман жикчилерине барып такалууда. Пакистан менен Индия талашып келаткан Тоолуу Кашмир азыр эки тарапка бөлүнгөн.

Индия Пакистанды исламчыл согушкерлерди курал менен жабдып, аларды машыктырганы үчүн айыптаса, Пакистан бул дооматтарды четке кагат.

Мусулман согушкерлер Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн бөлүгүн да Пакистанга кошууну же өзүнчө мамлекет түптөөнү көздөшөт. ( UE)

XS
SM
MD
LG