Линктер

жума, 24-март, 2017 Бишкек убактысы 00:28

“Центерранын” аткаруучу директору Бишкекке келди


Канаданын Торонто шаарында катталган “Центерра Голд” компаниясынын аткаруучу директору Ян Аткинсон кайрадан Бишкекке келди. Өкмөттүн басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, эми “Кумтөр” долбоору боюнча эки тараптуу тынымсыз сүйлөшүүлөр башталмакчы. Кечээ өкмөттө компания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген консультативдик кеңеш түзүлгөн.

Жогорку Кеңештин февраль айындагы токтомуна ылайык, кыргыз өкмөтү үч ай ичинде “Центерра Голд” менен соңку келишимди кайра карап чыгууга тийиш. Бул мөөнөт ичинде мунаса табылбаса, кыргыз тарап 2009-жылкы келишимди бир тараптуу жокко чыгарат. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG