Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:19

"Сова": Орусияда улутчулдук жана ксенофобия деңгээли жогору бойдон


Мындай тыянак Москвадагы “Сова” борборунун жылдык баяндамасында айтылат. Шаршембиде жарыяланган баяндамада келтирилген маалыматтарга караганда, былтыр Орусия аймагында расалык жек көрүүчүлүк жүйөөсү менен жасалган кол салуулардан 19 кишинин өмүрү кыйылып, 187 киши жаракат алган.

Баяндамада белгиленгендей, радикал улутчулдар славян эместерге гана эмес, расизмге каршы активисттерге, сексуалдык азчылык өкүлдөрү менен алардын жактоочуларына да кол салууда.

Эксперттер Орусиянын полициясы көз караштарын Интернет аркылуу билдирген ашынган улутчулдарды жана расисттерди кармаганы менен көчөдө энтникалык жана сексуалдык азчылыктарга каршы жасалган кылмыштарга көңүл бурбаганына тынчсызданышат. (UE)

XS
SM
MD
LG