Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:58

Болгарияда төртүнчү киши өзүнө-өзү өрт койду


Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, шаршемби күнү борбор Софияда президент кеңсесинин сыртында өзүнө-өзү өрт койгон, 51 жаштагы жарандын акыбалы азыр оор. Буга чейин акыркы апталарда өзүн-өзү өрттөгөн үч киши каза тапкан эле.

Мындай окуялар өлкөдө жакырчылыкка жана коррупцияга каршы коомдук кыжырдануу күчөгөн учурга туш келүүдө. Өткөн айда өлкөнү каптаган нааразылык акциялар болгар өкмөтүн кызматтан кетүүгө мажбурлаган. Эми 12-майдагы кезексиз шайлоого чейин өлкөнү утурумдук өкмөт башкарат.

Болгария - Еврошаркеттин эң жакыр мүчөсү. Орточо айлык акы 400 евронун тегерегинде. (UE)

XS
SM
MD
LG