Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:27

Кыргызстанга Австриянын президенти келет


Бүгүн Австриянын президенти Ханц Фишердин Кыргызстанга эки күндүк расмий сапары башталат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Сапардын алкагында Фишер кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугуп, эки тараптуу саясий, соода-экономикалык, маданий байланыштарды чыңдоо маселелери боюнча сүйлөшөт.

Австрия президентин бир катар ишкерлер коштоп келет. Алардын катышуусунда Бишкекте Кыргызстан-Австрия бизнес форуму өтөт. Анда айыл чарба, энергетика жана туризм тармагында инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланат.

Австрия президенти 2010-жылдагы ыңкылаптан соң Кыргызстанга расмий сапар менен келген алгачкы европалык лидер болот. (BkA)

XS
SM
MD
LG