Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:09

Равшан Сабиров ачкачылык жарыялады


Өткөн аптада Бишкек шаардык соту тарабынан 5 жылга эркинен ажыратылган мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров шаршембинин кечинен тарта ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокат Икрамидин Айткулов кабарлады. Анын айтымында, учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турган Сабиров ачкачылыкты шаардык соттун чечимине нааразылыгын билдирүү үчүн жарыялады. Ошондой эле Айткулов шаардык сот Сабировду эркинен ажыратканы тууралуу протоколду алигиче бербей жатканын, бул протоколду алаары менен Жогорку Сотко арызданаарын билдирди.

Былтыр Бишкектин Биринчи май райондук соту толугу менен актаган Равшан Сабировдун ишин Башкы прокуратуранын доо арызынын негизинде шаардык сот кайрадан карап, өткөн бейшембиде өкүм чыгарган. Ага ылайык, сот Сабировду күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыратып үй-мүлкүн конфискациялаган. Ал эми Сабировдун жардамчысы Тахир Мирзахмедов 3 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилген.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG