Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:15

Өзгөндө жер көчкүдөн жабылган жол ачыла элек


Өзгөн районунун Жапалак-Таш айыл аймагындагы эки күн мурда жер көчкүдөн жабылган жол ачыла элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жер көчкү ылай аралаш, суюк болгондуктан тазалоо иштери башталбай жатат. Аталган аймакта кар дале эрибегендиктен кошумча жол салууга да мүмкүнчүлүк жок болуп турат. Азыр Түз-Бел, Үч-Каптал жана Ак-Терек айылдары район борбору менен байланышсыз калды. Айылдарда жалпысынан 470ке чукул кожолук бар. Жер көчкөн аймакта жергиликтүү бийлик тарабынан күзөт уюштурулду. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG