Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:52

“Альфа Телекомдун” мурдагы жетекчиси үй камагына чыкты


“Мегаком” байланыш операторуна ээлик кылган “Альфа Телеком” ишканасынын мурдагы жетекчиси Азамат Мурзалиев үй камагына чыкты. Мындан чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын анын адвокаты Виктория Каргабаева “Азаттыкка” билдирди. Адвокаттын айтымында, жактоочу тарап Мурзалиевдин ооруп жатканын жүйөө кармап, сотко өтүнүч келтирген.

«Альфа Телекомдун» мурдагы башкы директору Азамат Мурзалиев жана анын кеңешчиси Алмазбек Абеков, ошондой эле “Новострой сервис” ишканасынын башчысы Аман уулу Кенжебек ишканага ири өлчөмдө акчалай зыян келтирди деген айып менен былтыр январь айында камалган. Айыпталуучулар өздөрүнө коюлган дооматтарды четке кагып келишет. (KKs)

XS
SM
MD
LG