Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:40

Кыргыз-тажик чек арачылары биргелешип күзөткө чыгышат


Кыргыз-тажик чек ара жетекчилери кооптуу аймактарды биргелешип кайтарууга макулдашты. Мындай чечим Чек ара кызматынын жетекчиси Токон Мамытовдун тажик кесиптеши менен Исфара шаарындагы эки күн мурдагы жолугушуусунда кабыл алынганын мекеменин басма сөз кызматы бүгүн кабарлады. Жолугушууда кол коюлган протоколго ылайык, эки өлкө чек ара бекеттеринен өткөн жүк жана жүргүнчү ташуучу автоунааларды биргелешип көзөмөлдөшөт. Ошондой эле чек арадагы чатактарды да эки тараптуу комиссия иликтемекчи. (KKs)

XS
SM
MD
LG