Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:12

Кыргыз президенти Кытайдын жаңы башчысын куттуктады


Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын башчылыгына келген Си Цзиньпиндин дарегине куттуктоо жөнөттү. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, куттуктоо катында Кыргызстандын Кытай менен алакасын мындан ары бекемдеп, кызматаштыкты өнүктүрүүгө даярдыгы белгиленген.

Өткөн жылдын ноябрь айында Кытай компартиясынын башкы катчылыгына келген Си Цзиньпин бүгүн Ху Цзиньтаонун ордуна Кытай Эл Республикасынын төрагасы болуп шайланды. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG