Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:10

ЖК: Бачабаздарды бычууну сунуштаган долбоор 1-окууда жактырылды


Жогорку Кеңеш бачабаздарды (педофил) химиялык кастрациялоо боюнча үч кодекске киргизилген өзгөртүүлөрдү биринчи окууда жактырды. Кылмыш, Жаза жана Жаза аткаруу кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жаш балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөн адамды кастрациялоо соттун жана атайын экспертизалык комиссиянын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

Мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири, депутат Турсунбай Бакир уулунун билдиришинче, Кыргызстанда соңку эки жылда жашы жете элек балдар-кыздар сексуалдык зомбулукка кабылган учурлар эки эсе көбөйгөн. Маселен 2010-жылы педофилия боюнча 75 факт катталса, 2012-жылы алардын саны 150дөн ашкан.

Буга чейин айрым укук коргоочулар Кыргызстанда сот адилеттиги күмөн жаратаарын айтып, азырынча химиялык кастрациялоону киргизүү эрте деген пикирлерин билдиришген. (KKs)

XS
SM
MD
LG