Акыйкатчы Турсунбек Акун Бишкек шаардык сотунун мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировду 5 жылга эркинен ажыраткан өкүмүн айыптады. Мындай билдирүүнү бүгүн Омбудсмен аппараты таркатты. Турсунбек Акун биринчи инстанциянын экс-министрди толугу менен актаганын эске салып, Сабировдун пара алганы тууралуу жетиштүү далилдер жок экенин билдирүүдө.
Өткөн аптада Бишкек шаардык соту Сабировду 5 жылга эркинен ажыраткан. Ал бала асыроо маселесинде коррупцияга жол берген деп айыпталууда. Бишкектеги биринчи тергөө абагында кармалып турган экс-министр соттун чечимине нааразылык иретинде кечээ ачкачылык жарыялаганы кабарланган. (KKs)