Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:44

Орто-Токой суу сактагычынын кызматкерлери маянага нааразы


Балыкчы шаарында жайгашкан Орто-Токой суу сактагычынын кызматкерлери маянанын аздыгына арызданышууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” суу сактагычтын кызматкерлери билдиришти. Алардын бири Бактыбек Абдылдаев 1400 сом айлыкка үй-бүлө багуу өтө кыйын экенин, мындан улам нааразылык акциясын өткөрүүгө мажбур болушканын белгиледи.

Орто-Токой суу сактагычынын башчысы Тинатин Өзүбекова жумушчулардын айлыгын көтөрүү боюнча тиешелүү жетекчилерге кайрылып, эч майнап чыкпай жатканын билдирди.

“Март айынан баштап көтөрүлүшү мүмкүн болуп жатат. Бирок кызматкерлер ага карабастан нааразылык акциясын уюштурушууда”, - дейт Орто-Токой суу сактагычынын башчысы Тинатин Єзүбекова.

Орто-Токой суу сактагычында 69 кызматчы иштейт. Алар 1400 сомдон 3 миң сомго чейин айлык алышат. (MK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG