Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:30

Багдадда катар чабуулдарда 20га чукул кишинин өмүрү кыйылды


Ирактын баш калаасында бүгүн уюшкан мүнөздөгү жардырууларда жана өкмөттүк имаратка кол салууда дагы 30тай адам жараат алды. Бийликтердин билдиришинче, Юстиция министрлигинин жанындагы үч катар жардыруу болду. Ошол эле убакта куралчандар бул министрликке кол салып, коопсуздук кызматкерлери менен аткылашты. Кол салуунун мезгилинде имаратта жүздөгөн киши болгон. Министрликтин маалымат кызматы кызматкерлери жапа чекпегенин билдирди. Кол салуу АКШ баштаган Иракка баскынчылыктын 10 жылдыгына бир нече күн калганда орун алды.

XS
SM
MD
LG