Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Камбоджа: "Кызыл Кхмердин" жол башчысы өлдү


Бириккен улуттар уюму колдогон согуш трибуналы билдиргендей, “Үчүнчү агайын” катары белгилүү болгон 87 жаштагы Иең Сары ооруканага түшкөндөн 10 күндөн кийин, бүгүн көз жумду. Трибуналдын маалымат катчысы Ларс Олсен бул окуя сот ишине таасирин тийгизбейт деп ишендирди:

Номер экинчи иш муну менен бүтүп калбасын унутпашыбыз өтө маанилүү. Кхмер Руждун Мамлекеттик президиумдун мурдагы башчысы Хиеу Самфан жана Кызыл Кхмердин мурдагы башкы идеологу Нуон Чеага каршы айыптар күчүндө калат. Аларга каршы сот иши улана берет.

1970-жылдардагы маоисттик Кызыл Кхмерлер режиминде тышкы иштер министри болгон Иең Сары эки миллионго чукул адамды кыруу өнөктүгүн жетектеген деген айып менен соттолуп жаткан. Трибунал бүгүнгө чейин Кызыл Кхмерлерден бир гана мурдагы түрмө жетекчисин соттоп, аны өмүрүнүн аягына чейинки мөөнөткө эркинен ажыраткан.

XS
SM
MD
LG