Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Фишер: Австрия Кыргызстандын демилгелерин колдойт


Бул тууралуу Кыргызстанга расмий сапар менен келген Австриянын президенти Хайнц Фишер президент Алмазбек Атамбаев менен бейшембидеги жолугушуу учурунда билдирди. Фишердин айтымында, Австрия Евробиримдик жана Еврокеңеште салмактуу добушка ээ. Мына ушул уюмдар алкагында Кыргызстандын демократиялык жана экономикалык демилгени колдоп берүүгө даяр.

Австриянын президентинин расмий сапары бүгүн да уланат. Бүгүн Фишер премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугат. Австрия президентин бир катар ишкерлер коштоп келген. Алардын катышуусунда бүгүн Кыргызстан-Австрия бизнес форуму өтөт. Анда айыл чарба, энергетика жана туризм тармактарына инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланат. (BkA)

XS
SM
MD
LG