Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:08

Армения: Конституциялык сот талапкердин арызын четке какты


Армениянын Конституциялык Соту президенттикке талапкер, оппозициянын лидерлеринин бири Раффи Ованнисяндын өткөн айдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча арызын четке какты. Сот шайлоо жүрүшүндө мыйзам бузуулар болбогонун ырастап, шайлоо комиссиянын жыйынтыгын күчүндө калтырды. Шайлоо өтө ыплас өттү деп доомат койгон Раффи Ованнисян ушул жекшембиден тарта ачкачылык жарыялап, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууга жана президенттикке кайрадан шайланган Серж Саркисянды отставкага кетүүгө чакырган.

Шайлоонун расмий жыйынтыгына ылайык, Саркисян добуштардын 58 пайыздан ашыгын, Ованнисян 36 пайызын алган эле. Буга нааразы болгон Ованнисяндын тарапкерлери шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолду деп, Ереванда бир нече нааразылык акцияларын өткөргөн. Серж Саркисяндын 9-апрелде ант берип, кызматка киришкени жатат. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG