Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

Ысык- Көлдө кургак учукка чалдыккандар көбөйдү


Ысык-Көл облусунда жыл башынан берки эки ай ичинде 51 адам кургак учукка кабылды. Бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 13кө көп экенин облустук Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун директору Кубанбек Токтогулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, илдетке чалдыккандардын 19у кургак учуктун ачык түрү менен оорушат. Бул былтыркы жылга караганда 7 адамга көптүк кылат. Оорулуулардын экөө жаш балдар.

«Кургак учук менен ооруган адамдар көпкө чейин дарыланбай жүрө берсе, илдет өтүшүп, туруктуу түрүнө айланат. Аларды дарылоо үчүн азыр республикада дары-дармек жетишсиз болуп жатат. Эл аралык донорлорлор дары жиберебиз дешкен. Азыр аларды күтүп жатабыз",-деди Кубанбек Токтогулов. (MK)

XS
SM
MD
LG