Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:02
Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет кылган деп айыпталып жаткан “Ата-Журттун” депутаттарынын адвокаты, саясатчы Азимбек Бекназаров бүгүнкү соттун жүрүшүндө сөз сүйлөп, депутаттар саясий өңүттөн соттолуп жатканын айтты. Ал сотту бийликтин буйругун аткарбоого чакырды. Бекназаров соңку мезгилде Кыргызстанда саясий куугунтук күчөгөнүн белгилеп, мунун арты ири нааразылыктарга алып келиши мүмкүн деп эскертти.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, Садыр Жапаров, коомдук ишмер Кубат Кожоналиев жана Ташиевдин үч жан сакчысы Кумтөр кени боюнча 3-октябрда Бишкекте өткөн митингден кийин кармалышкан. Анда Ташиев баштаган жооп топ адам Ак үйдүн тосмосунан ашып өткөн.

Буга чейин кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев депутаттардын тагдырын сот гана чечээрин билдирген. (JAk/KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG