Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Акенеев: Азырынча күйүүчү май баасы көтөрүлбөйт


Жазгы талаа жумуштарынын алдында күйүүчү майдын баасы көтөрүлбөйт. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер бирикмесинин төрагасы Жумакадыр Акенеев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, азыр Орусиядан дизелдик отун мурдагы баада эле келип жатат. Орус өкмөт өкүлдөрү күйүүчү май кымбаттайт дегени менен азырынча баа качан жана канчага көтөрүлөөрү белгисиз.

Соңку маалымат боюнча, айдап-себүү иштери үчүн Кыргызстанга керектүү күйүүчү майдын дээрлик жарымы алып келинди. Талаа жумуштарына 41 миң тонна дизелдик отун керек болсо, анын 21 миң тоннасы келди. Мындан тышкары айдоо иштерине керектүү 10 миң тонна бензиндин 6 миң тоннасы Кыргызстанга жетти. (KKs)

XS
SM
MD
LG