Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Ошто 54 үй-бүлө турак жайсыз калышы мүмкүн


Ошто 54 үй-бүлө үйсүз калышы мүмкүн экенин шаардагы "Чайка" деп аталган жатакананын башчысы Орозбек Разакулов "Азаттыкка" билдирди.

"Жатакана №16 кесиптик лицейге тиешелүү. Бирок биз мында 23 жылдан бери жашап атабыз. Эми лицейдин жетекчилиги бизди, 54 үй-бүлөнү чыгып кетүүнү талап кылууда", - деди Разакулов.

Анын айтымында, тургундар 2 ай ичинде башка жай таап, жатаканадан чыгып кетиши керек. Бирок алардын бараар жери жок.

Союз убагында ХБК ишканасына иштөөгө алыскы айылдардан келген жумушчулар өз убагында турак жай менен камсыздалбай калышкан.

«Төрт балам менен жатаканадан чыгып, кайда барам? Шаардан жер алганга каттообуз жок. Бизди эч ким каттоого албайт. Кечээ жардам сурап, шаар мэри М.Мырзакматовго кирдик. Андан да майнап чыккан жок. Каттооӊор жок экен деп чыгарып койду»,-деген нааразылыгын билдирди.

Ал эми жатаканага ээлик кылган №16 кесиптик лицейдин жетекчиси Виктор Гладков алардын иши мыйзамдуу экенин, лицейдин студенттерине жатакана жетишсиз болуп жатканын билдирди.

«Чайка» жатаканасында 213 адам жашайт. Аларга каттоонун жоктугунан улам турак жай курууга бөлүнгөн жер берилген эмес. Жашоочулар кошумчалагандай, 1990-жылдагы Ош коогалаӊынан кийин ал кездеги өкмөт башчы Апаз Жумагулов үйсүз калгандарды жатаканаларга жайгаштырып кеткен. Ошондон бери алардын абалы өзгөргөн эмес. (ErN)
XS
SM
MD
LG