Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:18

КСДП президент жөнүндө аңыз кептерди териштирүүнү прокуратурага тапшырды


Парламенттеги Социал-демократтар фракциясы “президент Алмазбек Атамбаев “Кыргызалтын” ишканасынын мурдагы жетекчиси Осмонбек Артыкбаев менен бирге “Центерранын” 30 миллион сомун уурдап алган” жана “Атамбаев 2007-жылы премьер болуп турганда Иштамберди кенин сатып жиберген” деген маалыматтарды териштирүүнү Башкы прокуратурага тапшырды. Фракция лидери Чыныбай Турсунбеков бул маалыматтарды камактагы депутат Садыр Жапаровдун тарапкерлери таркатып жүргөнүн "Азаттыкка" билдирди.

“Айткан киши бул маалыматтарды далилдеши керек. Ал эми ушак айткан болсо, ал үчүн жооп бериши керек”,-деди Турсунбеков.

Социал-демократтардын лидери жер-жерлерде “Чыныбай Турсунбеков менен Алмазбек Атамбаевдин “Центеррада” акциялары бар” деген аңыз кептер да таркап жатканын, алар чындыкка коошпой турганын кошумчалады. (KKs)

XS
SM
MD
LG