Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:29

Аламүдүн районундагы өрт эки өспүрүмдүн өмүрүн алды


Бүгүн түштөн кийин Аламүдүн районунун Виноградное айылындагы иштебеген маданият үйүндө өрт чыгып, кырсык болгон жерде 4 жаштагы Тимур Бутаев жана 3 жаштагы Танзила Бутаеванын сөөгү табылды. Өспүрүмдөр түтүнгө ууланып калганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Алдын ала маалымат боюнча, өрт электр шаймандарын туура эмес пайдалануудан келип чыккан. Жалпысынан маданият үйүнүн 60 чарчы метрин өрт чалып, имараттын шыбы жана жыгач дубалдары, терезелери күйгөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG