Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:56

Евробиримдик сириялык козголоңчуларга курал берүүнү талкуулайт


Брюсселде өтүп жаткан жыйында Сириянын президенти Башар Асаддын бийлигине каршы күрөшүп жаткан козголоңчуларга курал берүүгө тыюу салган эмбарго алынат деп айтылууда. Франциянын президенти Франсуа Олланд сириялык бийлик эки жылдан берки жаңжалды токтотууга кызыкдар эместигин айыптады. "Биз жоопкерчиликти алуубуз керек. Эч кандай сүйлөшүүнү же бийликти өткөрүп берүүнү каалабаган режимдын кыргынына жол бере албайбыз”, деген француз президенти эгер Еврошаркет май айында мөөнөтү аяктай турган эмбаргону азыр алып таштабаса, анда өз алдынча сириялык оппозицияга курал жеткире тургандыгын билдирди. Британия дагы эмбаргону алып салууну колдойт. Германия баштаган бир нече өлкө мындай чечимге каршылык билдирүүдө.

Бүгүн Сирияда жарандык кармаш башталганына эки жыл толду. Президент Башаддын режимина каршы алгачкы толкундоолор 2011-жылдын 15-мартында өлкөнүн түштүгүндөгү Дераа шаарында башталган. Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча согуш тутангандан бери 70 миң киши набыт болуп, бир миллиондой киши үй-жайын таштап кетти.

XS
SM
MD
LG