Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:15

Ооганстанда АКШнын атайын операцияларына каршы митинг өттү


Кабулда Вардак провинциясынан келген жүздөгөн киши парламенттин алдына чогулуп, бул аймакта америкалык атайын күчтөрдүн турушуна нааразылык билдиришти. Полицияга ылайык, 200дөн 500гө чейинки сандагы киши анти-америкалык ураан чакырып, АКШ күчтөрү кармап турган тогуз кишинин бошотулушун талап кылышты. Америкалык өкүлдөр жоголду делген тогуз кишиден биргелешкен рейддерде төртөө гана камакка алынганын билдиришти. Аларга киши өлтүрүү жана киши уурдоо боюнча айыптар коюлган.

XS
SM
MD
LG