Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

Чарбакта курулуш иштери башталды


Баткендин Чарбак айылындагы жаңжалдан кийин өкмөт чек аралаш аймактагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн 357 млн. сом каражат бөлгөн.

Учурда Чарбак айылына көз карандысыз жол, ичүүчү суу алып келүү жана заманбап ФАП менен спорт зал жана чек арачылар үчүн жатак куруу иштери башталды.

Жергиликтүүлөр бул иштерге ичинен кудуңдашканы менен убакыт өтүп, курулуштар токтоп калбаса болду деп кооптонушат. Бийлик болсо алгачкы курулуш 2 айда бүтүп, калганы ушул жылдын соңунда бүтөөрүн айтышууда.

Чарбактык баатыр эне Алтынай Узакова болгону 70тей үй-бүлө жашаган айылга ушинтип 8 бөлмөлүү фелдшердик-акушердик борбордун имараты курула баштаганына сүйүнгөнүн жашыра албай турат.

Буга чейин жакын жерде жогорку сапаттагы медициналык тейлөө болбогонунан бейажал кайтыш болгондор, же болбосо кошуна өлкөнүн дарыгерлерине кайрылып, туура эмес дарыланып алгандар да болгон экен.

Эми өкмөттөн бөлүнгөн 8 млн. сомдой каражатка курула баштаган жалгыз эле медициналык борбор эмес, мындан тышкары да бир топ социалдык тейлөө, жол, суу маселелери чечилип калса, айылда шарттар көбөйөт эле дейт.

- Мурда биз сыркоолоп калсак Өзбекстандын ооруканасына барчубуз. Анан алардын айткандары менен Баткендин дарыгерлеринин айткандары дал келбей, кээде керексиз эле дарыларын бизге сата беришчү экен. Эми минтип өзүбүздө ушундай жакшы болуп, курулуп жатканына сүйүнүп жатабыз. Төрөтканасы да болот экен. Биздин айланабызда 11 айыл бар, аларга да жакшы болот. Өткөндө эле бир балабыз оорукана алыстыгынан кайтыш болуп кетти. Эми андай болбойт.

Баткен облус бийлиги чек аралаш айылдардын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүү үчүн атайын иш-чара даярдап чыгышкан. Анда кошуна өлкөлөр менен чектешкен айылдарга эң зарыл болуп, элдин шаштысын алган маселерди каржылоо камтылган. Анда негизинен көз карандысыз жол, суу, чек араны тосмолоо, жумуш менен камыздоо, социалдык тейлөө маселелери каралган.

Чарбактагы жаңжалдан кийин кыргыз өкмөтү атайын буйрук менен Баткен районунун аймагындагы мындай чек арадагы маселелери оор айылдар үчүн 350 миллион сомдон ашык акча бөлүп, алгачкы иштерди быйылкы жылы бүтүрүүнү пландаган.

Чарбак айылынын башчысы Нурали Айкынов жергиликтүү калк эми башталган иштер токтоп калбай бүтсө деп тилеп жатканын айтты:

- Азыр суу, ФАП, жол, спорт зал, кошумча мектеп маселеси чечилип жатат. Негизинен ушул маселелер эле токтоп калбай, акырына чейин бүтүп калса, башка эч нерсе дей албайбыз.

Республикалык бюджет азыркыдай тартыш болуп турган учурда мынча акча кайдан табылмак деп, пландалган иштердин аягына чыгаарына көзү жетпегендер бар. Ал эле эмес, айтылган убадалар тезирээк башталбай жатканын да айтып чыгышкан. Жергиликтүү бийлик май айына чейин ФАПтын курулушу бүтүп, калган курулуштар ушул жылдын соңуна чейин толук бүтөт деп убада беришүүдө.

Баткен район акиминин орун басары Акмурза Тагаев башталган иштерди тизмектеп берди.

- Пландалган иштердин баары башталды. Айгүл-Таш-Согмент, Бөжөй жолунда иш катуу жүрүп жатат. Суу алып келүү жана башка иштерди эл менен макулдашып баштадык. Кыскасы бул иштердин баары ушул жылдын акырына чейин бүтөт. Бир гана чек араны тосмолоо иши толук быйыл бүтөт деп айта албайм. Анткени ал иш планда кийинки жылга да каралган.

Жыл башында чек арада чыккан жаңжал кошуналардын Чарбак айылын аралап, кишилерди барымтага алуу менен коштолгон. Бул окуядан кийин өкмөт Өзбекстандын Сох анклавынын айланасындагы чек аралаш айылдардагы маселелерди биротоло чечүү үчүн атайын токтом менен иш мерчемдерди кабыл алган.
XS
SM
MD
LG