Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:42

“Азаттыктын” обого чыкканына 60 жыл толду


Бүгүн “Эркин Европа-Азаттык” радиосунун кыргызча берүүлөрүнүн обого чыкканына туура 60 жыл толду. 1953-жылы 18-март күнү Азамат Алтай Германиянын Мүнхен шаарынан алгачкы ирет кыргызча кабар окуган. Кийин өз эскерүүсүндө "добушумду жакындарым, досторум угуп атабы деп толкунданып, колдорум титиреген" деп айтып берген эле. Ал учурдан тарта Азамат Алтай, Төлөмүш Жакып уулу, Аким Өзгөн баштаган чет жердеги кыргыз журналисттери кыска толкун аркылуу совет жарандарына цензурасыз жаңылыктарды жеткирип турушкан.

1990-жылдардын башында ага чейин жабык өлкө саналган Кыргызстанда “Азаттыктын” өз кабарчылары иштей баштап, Кадыралы Конкобаев, Тынчтык Чоротегин алгачкы кабарчылардан болушкан. Азыркы кезде “Азаттык” радиосунун программалары, эки тилдеги интернет-сайты жана телеберүүлөрү Кыргызстандын гана эмес, дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө кеңири таралган. Ачык, демократиялык коом куруу, адам укуктарын жана эркиндиктерин, сөз эркиндигин жайылтуу “Азаттыктын” негизги миссиясы болуп саналат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG