Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов бүгүн Коргоо кеңешинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы энергетикадагы жоготуу 36 пайыздан 21 пайызга түшкөн. Анын ичинде коммерциялык жоготуулар 3,6% түзөт. Министрдин белгилешинче, бул негизинен уурдалган энергия.
Адистер бул тармактагы жоготууну 10-12% чейин түшүрсө болорун билдирип келишет. Айрымдар жоготууларга негизинен ортомчу, жеке компаниялар айыптуу десе, компаниялар мындай дооматка макул эмес. (КЕ)
Адистер бул тармактагы жоготууну 10-12% чейин түшүрсө болорун билдирип келишет. Айрымдар жоготууларга негизинен ортомчу, жеке компаниялар айыптуу десе, компаниялар мындай дооматка макул эмес. (КЕ)